БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2006-жылдын 13-декабрындагы резолюциясы менен кабыл алынган.
Конвенциянын негизги максаты майыптыгы бар адамдардын коомдун жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмушуна толук кандуу катышуусун камсыздоого, майыптыгы боюнча басмырлоону жок кылууга, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө багытталган.
Конвенция менен катар эле ага карата Факультативдик протокол да кабыл алынып, күчүнө кирген.
2019-жылдын ноябрына карата 181 мамлекет жана Европа Биримдиги Конвенцияга, 96 мамлекет - Факультативдик Протоколго кол коюшкан.

БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялаган мүчө-мамлекеттер анын жоболорун ишке ашырууга колунан келишинче аракет кылаарын билдиришет.
Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциянын Факультативдик протоколуна кол койгон өлкөнүн жарандары, Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча комитетке, ушул мамлекет Конвенциянын жоболорун бузуп жаткандыгы туурасында арыз менен кайрылса болот.
Эгерде Факультативдик протоколго кол кое элек Конвенциянын мүчө-мамлекетине тиешелүү болсо, Комитет арызды кабыл албайт.
Өкмөттөр Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялай алышат, бирок ошол эле учурда Конвенциянын бардык жоболорун жүзөгө ашырууга толук даяр болмоюнча факультативдик протоколго кол койбойт.
Кыргызстан БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын 2019-жылдын 14-мартында ратификациялаган.
Конвенция 50 беренеден турат

Жалпы принциптер

Конвенциянын принциптери: 

Жалпы милдеттер

Мүчө-мамлекеттер бардык адам укуктарын толук кандуу ишке ашырууга, камсыздоого, артыкчылык берүүгө жана майыптыгы бар адамдарды майыптуулук белгиси боюнча басмырлоосуз негизги эркиндиктерин камсыздоого милдеттүү.
Ушул максатта мүчө-мамлекеттер майыптыгы бар адамдарга карата басмырлоочу болуп эсептелген мыйзамдарды, токтомдорду, каада-салттарды жокко чыгаруу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүгө милтеттүү. 

Теңчилик жана басмырлабоо

Мүчө-мамлекеттер бардык адамдар мыйзам алдында бирдей экендигин мойнуна алып, майыптыгы боюнча ар кандай басмырлоолорго тыюу салышат жана аларга бирдей жана натыйжалуу укуктук коргоону кепилдешет.

Майыптыгы бар аялдар


Мүчө-мамлекеттер аялдардын ар тараптуу өнүгүүсүн, абалынын жакшырышын жана укуктары менен мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилишин камсыздоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт. 

Майыптыгы бар балдар

Агартуучулук-тарбиялык иш

Мүчө-мамлекеттер төмөнкүлөр боюнча кечиктирилгис, натыйжалуу жана тийиштүү чараларды көрүү милдетин алышат: 

Жеткиликтүүлүк

Майыптыгы бар адамдардын эркин турмушта жашоосуна жана турмуштун бардык аспектилерине ар тараптуу катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн мүчө-мамлекеттер майыптыгы бар бардык категориядагы адамдар үчүн коомдук транспорттун, медициналык мекемелердин, маданий жана агартуучулук объектилердин, мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле жаңы маалыматтык-коммуникациялык кызматтардын калк үчүн ачык деп эсептелген же калк пайдаланган кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушу үчүн тийиштүү шарттарды шаарда жана айыл жерлеринде түзүүгө милдеттүү.

Мыйзам алдындагы теңчилик 

Башкалар менен катар эле майыптыгы бар адамдар мал-мүлккө ээ болууга жана аны мурастоого, өз каражаттарын башкарууга, ошондой эле банктык ссудаларды, ипотекалык насыяны жана башка насыяга берүү формаларын тегиз, жеткиликтүү колдонууга укуктуу. Майыптыгы бар адамдар жеке мал-мүлкүнөн айласыз ажырап калбашы үчүн өкмөттөр кыянаттык кылууну болтурбоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. 

Майыптыгы бар адамдар ар кандай соттук териштирүүлөрдүн катышуучусу болуп калган учурларда башка адамдар сыяктуу эле ишти иликтөөдө жана кароодо калыс мамиле болушуна толук укуктуу болушат. Өкмөттөр майыптыгы бар адамдардын толук түшүнүп, аларды да башкалар так түшүнүшүнө, документтер менен таанышуусуна, ошондой эле өз ойлорун өздөрүнө ылайык болгон тилде айтып-түшүндүрүп беришине жардам көрсөтүшү керек.  

Мүчө-мамлекеттер майыптыгы бар адамдарды, анын ичинде аялдар менен балдарды эзүү, аларга карата зомбулук жасоо же мазактоо учурлары аныкталып, иликтенип жана тийиштүү учурларда жазага тартуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүшөт.  

Ары-бери эркин жүрүү жана жарандык

Мүчө-мамлекеттер майыптыгы бар адамдардын башкалар менен катар эле ары-бери эркин жүрүүгө, жашай турган жери менен жарандыгын тандоого болгон укугун тааныйт. Майыптыгы бар балдар төрөлөөр замат каттоого алынат жана төрөлгөн күндөн тартып ысымга ээ болууга, жарандык алууга, ошондой эле өз ата-энесин билүүгө жана алардын камкордугунда болууга укугу бар.

Өз алдынча күн көрүү жана жергиликтүү коомчулуктун иштерине катышуу

Майыптыгы бар адамдар башка адамдар менен катар эле өздөрү жашай турган жерлерди, кайсы жерде, ким менен жашай тургандыгын тандоо- го укугу бар. Ошондой эле майыптыгы бар адамдар кошумча кызмат көр
сөтүүлөрдөн пайдаланууга, жергиликтүү коомчулуктун жашоосуна зарыл болгон жана жергиликтүү коомчулуктун базасында жашаган жери боюнча жеке өзүнө арналган жардам алууга укугу бар. 

Жекече мобилдүүлүк

Мүчө-мамлекеттер майыптыгы бар адамдардын өз алдынча жүрүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө, ошондой эле алардын мобилдүүлүгүн жеңилдетүүчү түзүлүштөрдүн жана кошумча технологиялардын жеткиликтүү болушун камсыздоого тийиш.

Мүчө-мамлекеттер майыптыгы бар адамдарды кеңири чөйрөдөгү адамдарга арналган маалымат менен өз убагында, жеткиликтүү форматтарда жана майыптыктын ар кыл формаларын эске алган технологиялар менен камсыздап туруу үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүшөт. Өкмөт майыптыгы бар адамдар пикирин эркин билдирүүгө, анын ичинде башкалар менен катар эле өзү тандаган баарлашуунун бардык формаларын пайдалануу менен маалыматты жана идеяларды издөө, алуу жана жайылтууга болгон укугун пайдаланууга толук мүмкүнчүлүгү болушуна көмөк көрсөтүшү керек.  

Үйүн жана үй-бүлөсүн сыйлоо

Нике курагына жеткен бардык майыптыгы бар адамдардын никеге туруу жана үй-бүлө куруу, тараптардын өз ара макулдугунун негизинде канча балалуу болгусу келгендиги туурасында чечим кабыл алуу укугу таанылат.
Өкмөттөр майыптыгы бар адамдарга алардын балдарды тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткаруусуна тийиштүү жардам көрсөтүшөт, ошондой эле ата-энесинин эркине каршы баланы алардан ажыратууга жол берилбешин камсыздашат. Эч бир учурда бала өзүнүн майыптыгынан, же болбосо ата-энесинин, же алардын бирөөсүнүн майыптыгынан улам ата-энесинен ажыратылбашы керек.  

Бир дагы майыптыгы бар адам жашаган жерине же жашоо шартына карабастан, жеке жашоосунун, үй-бүлөсүнүн, турак-жайынын, кат алышуусунун жана башка баарлашуу түрлөрүнүн кол тийбестигине мыйзамсыз кол салынышына, анын ар-намысына кадыр-баркына мыйзамсыз асылууга кириптер болбошу керек.

Билим берүү

Майыптыгы бар бардык адамдар башка адамдар менен катар эле өмүр бою жана эч кандай басмырлоосуз баштапкы, орто, жогорку жана кесиптик билим алууга укуктуу болуп саналат. Бул укукту ишке ашыруу максатында өкмөттөр бардык деңгээлдердеги инклюзивдүү билим берүүнү, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын жекече муктаждыктарын эске алган зарыл аспаптардын болушун камсыздашат.
Майыптыгы бар балдар акысыз, сапаттуу башталгыч жана орто билим алууга укуктуу.

Майыптыгы бар адамдар башкалар менен катар эле медициналык тейлөө кызматынан пайдаланууга, ошондой эле түздөн-түз алардын майыптыгынан улам зарыл болгон кызмат көрсөтүүдөн, анын ичинде дартты эрте аныктоо кызматынан пайдаланууга укугу бар.
Өкмөттөр бул кызмат көрсөтүүлөрдү бул адамдар жашаган жерлерге болушунча жакыныраак жерлерге, анын ичинде айыл аймактарында да уюштурушат.

Эмгек жана иш менен камсыз болуу

Майыптыгы бар адамдардын башкалар менен катар эле эмгектенүүгө болгон укугу таанылат: ага алардын эмгек кылуу аркылуу каражат табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу укугу кирет. Өкмөттөр майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүү жана жеткиликтүү эмгек шарттарын түзүүгө, ошондой эле аларды түзүүгө шыктандырууга милдеттүү болушат. 

Майыптыгы бар адамдардын жетиштүү тамак-ашка, кийим-кечекке, турак-жайга, жашоо шартын үзгүлтүксүз жакшыртууга, социалдык жактан корголууга укугу бар. Ошондой эле аларга майыптыгына байланыштуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тийиштүү жана кымбат эмес кызмат көрсөтүүлөрдөн, түзүлүштөрдөн жана башка жардамдардан пайдалануусуна, пенсиялык жөлөк пулдардын, мамлекеттик турак-жай программаларынын жеткиликтүү болушуна шарт түзүлөт. 

Саясий жана коомдук турмушка катышуу

Мүчө-мамлекеттер майыптыгы бар адамдардын өлкөнүн саясий жана коомдук турмушуна толук кандуу катышуусуна, анын ичинде башкалар менен катар эле шайлоого жана шайланууга укуктуу болушуна кепилдик беришет. Ошондой эле өкмөттөр майыптыгы бар адамдар мамлекеттик иштерди башкарууга ар тараптуу катыша ала турган шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Майыптыгы бар адамдардын өз чыгармачыл, көркөм жана интеллектуалдык дараметин өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн гана эмес, жалпы коомдун руханий көрөңгөсүн арттыруу үчүн өнүктүрүүгө укугу бар.
Бул укуктарды ишке ашыруу үчүн майыптыгы бар адамдардын бардык категориялары үчүн театрлардын, музейлердин, кинотеатрлардын, китепканалардын, улуттук маданий мааниге ээ эстеликтер менен объектилердин жеткиликтүү болушун, ошондой эле маданий мурастардын жеткиликтүү форматта болушун камсыздоо зарыл.

Статистика жана маалымат топтоо

Мүчө-мамлекеттер аларга ушул Конвенцияны аткаруу максатында стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бере турган тийиштүү маалыматтарды, анын ичинде статистикалык жана изилдөөчүлүк маалыматтарды топтоого милдеттүү болушат. 

Мүчө-мамлекеттер ушул Конвенциянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча улуттук иш-аракеттерди колдоого алуу үчүн эл аралык кызматташуунун жана аны ар тараптан колдоонун маанилүү экендигин моюнга алышат. 

Улуттук ишке ашыруу жана мониторинг

Мүчө-мамлекеттер, уюштуруучулук түзүлүшүнө ылайык, өкмөттө ушул Конвенцияны ишке ашырууга байланышкан маселелерди жөнгө салган бир же бир нече инстанцияны дайындашат жана ар кыл секторлор менен ар кандай деңгээлдердеги тиешелүү ишке көмөктөшүү үчүн өкмөттө координациялоочу механизмди дайындоо же түзүү мүмкүнчүлүгүн тийиштүү түрдө изилдешет.
Жарандык коом, анын ичинде майыптыгы бар адамдар же алардын өкүлчүлүгү болгон уюмдар, толук кандуу түрдө байкоо процессине камтылышат жана ага катышышат.

Майыптыгы бар адамдардын укугу боюнча комитет

Мүчө - мамлекеттердин докладдары

Ар бир мүчө - мамлекет Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы аркылуу Комитетке ушул Конвенция күчүнө киргенден кийин эки жыл аралыгында аны жүзөгө ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө кеңири докладын берет.
Андан кийин кийинки отчетторду кеминде төрт жылда бир жана Комитеттин талабы боюнча беришет.

Депозитарий

Артка кайтуу